7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барат

334

Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Россиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Россия Федерациясына иш сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Алдыдагы иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.

Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү маарекелик Жеңиш парадына катышат. 

Белгилей кетсек, алдыдагы салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

 

 

335