7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

7

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Чолпон-Ата шаарында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу жана көп жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен көп пландуу кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин, ал союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда ырааттуу түрдө бекемделип жатканын баса белгиледи.

Президент Россия Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин белгиледи. Россиядан келген түз инвестициялар оң динамиканы көрсөтүүдө, ал эми Россия Федерациясы өлкөнүн экономикасына ири инвестор бойдон калууда.
Садыр Жапаров Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ролуна өзгөчө көңүл буруп, аны инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги куралдардын бири деп атады.

Президент өлкөнүн экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, акыркы үч жылда Кыргызстан олуттуу натыйжаларга жетишкенин баса белгиледи.

«Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана прогресс жолунда ишенимдүү бара жатат. Биздин артыкчылыктардын катарына — энергетика, транспорт, санариптештирүү, туризм, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана өтө маанилүү минералдык ресурстарды өздөштүрүү кирет», — деп белгиледи Президент.

Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алды менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду.

«Мамлекет башчыларынын өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууда, ар кандай тармактарда келип чыккан маселелерди чечүүдө багыт бергени бизди, тышкы иштер министрлерин, мамлекеттик бийлик органдарынын бардык иштерин координациялоону активдүү камсыз кылууга милдеттендирет», — деп белгиледи министр Сергей Лавров.

Ал ошондой эле эки тараптуу пландардан тышкары КМШнын жалпы мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин алкагында чечилип жаткан үзгүлтүксүз милдеттер бар экенин баса белгиледи. Бул түздөн-түз Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, албетте, Евразия экономикалык бирлиги, ошондой эле Кыргызстан төрагалык кылып жаткан ЖККУ.

Россиянын ТИМ башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, Россия негизги багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда тараптар союздаштык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты.

8