7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Саясатчылар эки түрдүү болот»

652

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин улантууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сунуштарды карап, суроолорго жооп берди.

«Саясатчылар эки түрдүү болот. Биринчи түрү Бишкете туруп эле Москванын көчөсүн тили менен шыпырып тазалап коёт. Экинчи түрү, өзүнүн оюн жакшы жеткире албайт бирок, иштин майын чыгарат. Жооп бере албай калса эле болбогон кадрды коюп алыптыр дегенден алыс болушубуз керек»,-деди президент.

Белгилей кетсек, Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.

Делегаттар өздөрүнүн шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтып чыгууда, аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө байланышкан жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653