7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

511

Президент Садыр Жапаров Баткен, Ош облустарында селдин жүрүшүнөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. 

“Урматтуу мекендештер! Баткен, Ош облусундагы табият кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм.
Селдин кесепетинен чырактай өмүрлөр кыйылганы туурасында кабарды кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, эс алууга чыгып, айттырбай келген кырсыктан улам тоодо камалып калган миңден ашуун жарандарыбыз куткарылды.
Белгилеп кетчү жагдай, тиешелүү министрлик, жергиликтүү бийлик органдары биринчи мүнөттөрдө эле болгон күч-аракетин жумшашты. Азыркы тапта селдин кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышууда. Учурдан пайдаланып, четте карап турбай, куткаруучу кызматкерлерге кол кабыш кылып, аттарын берип, жабыркагандарды үйлөрүнө жеткирип, кам көргөн жарандарыбызды да ыраазычылык менен белгилейм. Бул дагы болсо улутубуздун ынтымагынын бекемдигин көрсөттү. Эми мындай окуялар кайталанбасын деп Кудайдан тилейли. Селден жабыркагандарга сөзсүз жардам көрсөтүлөт.  Мамлекет тарабынан сөзсүз кам көрүлөт, аларды жалгыз калтырып койбойт”,-дейт өлкө башчы.

512