7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

567

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге президенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

«Урматтуу Шавкат Миромонович, Сиздин президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы Сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили.

Сиздин жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү боюнча мыкты идеяларды жана принциптерди ишке ашырууну көздөгөн кадамдар эл аралык аренада Өзбекстандын аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп терең ишенем.

Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, өз ара урматтоо жана колдоо принциптеринин негизинде Өзбекстан Республикасы менен ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташтыктын дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй жакшы өзгөрүүлөр орун алып, маанилүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү макулдашуулар жетишилди.

Сиз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин чыңдалышына олуттуу салым кошууну улантып жатасыз, ушууга байланыштуу биз биргелешкен аракеттер менен көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да арттырабыз жана алдыга коюлган милдеттерди иш жүзүндө жүзөгө ашырууга жана боордош эки элдин бакубатчылыгы үчүн бардык макулдашууларыбызды илгерилетүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз деген бекем ишенимимди билдирем»,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге бекем ден соолук жана алдыга койгон бардык максаттарын ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568