Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Тоңдогу көл жээгинде тартылган сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Анда «көлгө кирүү 30 сом» деген жазууну көрүүгө болот.
«Калайык! Президентибиз пляждарды элге ачып жатса, Тоңдо элдин пляжын минтип жаап, акча талап кылып жатышат. Кеклик пляжы. Куураган эле эл болдук го! Тоңдун эли жалгыз ушу жерге түшөт. Элдики бул»- деп жазган.