7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Швейцария элчисин кабыл алды

309

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчи Оливье Бангертерге Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент элчи Оливье Бангертер Кыргызстанда кызмат аркалаган мезгилде эки тараптуу кызматташтыктын динамикасы жигердүү жогорулагандыгын канааттануу менен белгилеп, ден соолук, таза суу менен камсыздоо, энергетика, өзгөчө кырдаалдар, туризм, текстиль өнөр жайы багыттарындагы, ошондой эле жаңы конуштарга жардам тартуу боюнча долбоорлорду баса көрсөттү.

«Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылыкты туудурган бардык чөйрөлөрдө ырааттуу өнүгө берет деп ишенем», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө көрсөткөн колдоосу жана кызматташтыгы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди жана эки өлкөнүн ортосундагы бардык багыттар боюнча кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним көрсөттү.

310