7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

39

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Астана шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Кытай» саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен учурашып, Кытай тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын жогору бааларын жана колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз», — деди Кыргызстандын Президенти. Ал 2025-жылдын февралында Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болгонун баса белгиледи. Жыйынтыгын бере баштаган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлган.

Президент Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса көрсөттү. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташуу темасына токтолуп, эки өлкөнүн көптөгөн эл аралык аянттардагы жемиштүү өз ара аракеттешүүсүн өзгөчө белгиледи.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошентип, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз улуттук “Кабар” мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын “Слово Кыргызстана” басма үйү менен Кытай Эл Республикасынын “Синьхуа” маалымат агенттигинин ортосундагы Жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандуму.

40