7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

365

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерине токтолуп, Мамлекет башчысы “Masdar” компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында өз милдеттенмелерин өз убагында аткарарын баса белгиледи.

Президент ошондой эле БАЭнин Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганын эске салды. Ал бул сапар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө түрткү берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи Садыр Жапаровго Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БАЭнин Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын, Премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун, ошондой эле Вице-президент Мансур ибн Заед Аль Нахайяндын жолдогон саламдарын жеткирди.

Ал учурда эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында бир катар маанилүү документтер тараптардын кароосунда экенин, аларды БАЭнин Президентинин Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапарынын жүрүшүндө кол коюлушу пландалганын канааттануу менен билдирди. Мындан тышкары, ал жакын арада Бишкекте БАЭнин Элчилигин ачуу пландалып жатканын белгиледи.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

366