13-февралда дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас өрөөнүндө +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл аймагында +1…+6 градус жылуу болсо, Нарын чөлкөмүндө -1…-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +7…+9, Ош шаарында +14…+16 градуска чейин көтөрүлөт.