7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салымбеков: Ташиевдин футбол федерациясынын башына келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүүлөр болот…

1210

Аскар Салымбеков: “Камчыбек Кыдыршаевичтин футбол федерациясынын башына келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүүлөр болот…”

Быйылкы Азия чемпионатындагы биздин футбол командабыздын оюндарынан кийин футбол федерациясынын башчысы иштен кетип, ал орунга президенттин демилгеси менен Камчыбек Кыдыршаевичтин талапкерлиги сунушталды…

— Бул абдан туура жана убагында болгон сунуш болду. Жана айтып өткөндөй футболго мамлекет тараптан көңүл бурулмайын жакшы жыйынтык болбойт. Бүгүн биздин футбол федерациябызга жаңы көз карашта иш алып барып, жетекчи катары талапты катуу койгон инсан керек болуп турган. Ушундай кырдаалда Президентибиздин сунушу колдоого алаарлык иш болду. Камчыбек Кыдыршаевичтин келиши менен кыргыз футболунда натыйжалуу өзгөрүү болот деген ишеничим чоң. Анткени ал кишинин футболго күйөрмандык менен жасаган аракеттерин, чечкиндүү кадамдарын, анан да талапты катуу коюп, андан жыйынтык чыгарган мыкты-мыкты иштерине күбө болуп келе жатабыз. Ошол эле учурда футболго болгон мамилесин жакшы билебиз. Камчыбек мырза футболдун чыныгы күйөрманы, өзү да, балдары да, кызы да футболду профессионалдуу деңгээлде ойногону. Мына Жалал-Абадга дүйнөлүк «Барселона» командасынын футбол академиясын ачты. Бишкекте ушул академиянын пайдубалы түптөлдү. Көп жылдары күткөн Жалал-Абад шаарында “Мурас Юнайтед” командасы жаралды.

Федерациянын башына келгенге чейин эле футболду өнүктүрүүгө зор салымын кошуп келген болсо, буюрса эми мындан ары андан да чоң иштерди жасайт деп турабыз. Жакында федерациянын президентин шайлоого чогулабыз, буюрса бардыгы бир добуштан Камчыбек Кыдыршаевичтин талапкерлигин колдоп берет деген ишеничтемин.

1211