7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түнкү клубдун кардарларына баңгизат жеткирип турган курьер кармалды

502

Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен чыгарылган ири партия кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-февралга караган түнү синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда КР жараны кармалып, андан жалпы салмагы 1 килограмм 110 граммды түзгөн 6,5 миллион сомго жакын «мефедрон» заты алынган. Ал курьер болуп саналат жана аталган затты түнкү клубдун кардарларына жеткирип турган.

Ошол эле түнү Бишкек шаарындагы “Хилс”, “Молекула”, “Кипишь”, “Хайв бар” аталышындагы 4 түнкү клубда тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында айрым клубдардан белгисиз жыты бар бир нече таңгактар табылып, аларга экспертиза дайындалган.

Аталган мекемелердин администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери УКМКга алынып келинди. Ал эми жогоруда аты аталган А.Р.Н. аттуу жаран УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

503