7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түндүк Македониянын президентине көңүл айтты

181

Президент Садыр Жапаров Кочани шаарында болгон өрттөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түндүк Македония Республикасынын президенти Гордана Силяновска-Давковага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2025-жылдын 15-мартынан 16-мартына караган түнү Түндүк Македониянын Кочани шаарында болгон өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, Түндүк Македониянын элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

182