7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын кабыл алды

365

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

2024-жылдын 6-ноябрында болуп өткөн ТМУнун мамлекет башчыларынын Бишкек саммитинин жыйынтыктарын ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. Мындан тышкары Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ТМУнун алкагында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө активдүү катышууну улантып, жалпы региондун туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө салым кошоорун белгиледи.

Өз кезегинде Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун боордоштук мамилелерди жана регионалдык ынтымакты чыңдоого багытталган бардык аракеттерди колдоого даярдыгын баса белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ортосундагы мамлекеттик чек ара келишимине кол коюлушу менен куттуктады.

“Бул маанилүү кадам Сиздин саясий эркиңиздин, дипломатия жана диалогдун аркасында ишке ашты, ал Борбор Азияда жана анын чегинен сырткары бекем тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жол ачат”, — деп белгиледи Башкы катчы.

Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго ТМУнун катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, Бишкек саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган документтерди жана чечимдерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле уюмдун колдоосу менен өтө турган иш-чараларга даярдыктар тууралуу маалымат берди.

366