7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

WhatsApp аркылуу алдап шылуундарга жардам берген 3 жигит кармалды

128

WhatsApp мессенжерлери аркылуу алдап шылуундарга жардам берүү каналына бөгөт коюлганын УКМК билдирди.

2003-2004-жылы жана 2006-жылы туулган жарандардын уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Алар уюлдук операторлорунун сим-карталарын колдонуу менен мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын массалык түрдө активдештиришкен.

Андан кийин бул аккаунттар эл аралык «скамер» шылуундарына сатылып, жарандардын акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алуу максатында «фишинг» манипуляциясын ишке ашырышкан. Натыйжада миңге жакын мобилдик мессенжер аккаунту активдештирилип, эл аралык алдамчыларга өтүп кеткен.

Алар КР чегинен тышкары, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөндө алган аккаунттарын пайдаланып, жарандар менен мобилдик мессенжер аркылуу байланышкан. Жарандарга психологиялык таасир көрсөтүү максатында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын, министрликтердин, мекемелердин жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катары көрсөтүшкөн.

Алар ар кандай шылтоолор менен жарандарга, алардын эмгек ишмердүүлүгү, мүлкү жана электрондук капчыктары боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышкан. Натыйжада жарандар алданып өздөрүнүн акча каражаттарын, анын ичинде мүлктөрүн алдамчылардын пайдасына өткөрүп беришип, мындай көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар уланууда. Аталган кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынды. УКМК жабыркагандарды тез арада 0312 66 04 75, 0312 62 65 04 номурларына чалып коюуну өтүнөт.

129