Акыркы бир нече аптадан бери жалпы дүйнө элинин назары көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөө катталган Түркия менен Сирияда болууда. Көптөгөн өлкөлөр жардам колун сунуп, колдон келген көмөгүн көрсөтүүдө. Кыргызстан да четте карап турбай, алгачкылардан болуп жардам колун сунду. Буга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун пикири кандай? Мына ушул суроолор менен президентке кайрылып, жооп алдык.
«Түрк боордошторубузга Кудай чоң сыноо берди. Жамандыктын артында бир чоң жакшылык бар экенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан түрк боордошторду сабырдуулукка чакырам. Кудай кайтыш болуп кеткендерге бейишинен орун берсин деп тилейм. Түркия элинде оор жоготуу болду. Кесиптешим Эрдоган мырзага терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белди бекем бууп, кайрат кылуудан башка арга жок. Түркияга барып, бетме-бет жолугуп көңүл айтып келсек жакшы болот эле. Бирок ансыз деле кабыргасы кайышып, аза кайгысын тартып, эл камы үчүн күнү-түнү жан үрөп, чолоосу тийбей жаткан маалда жүк болуп, тоскоолдук жаратпайлы дедим. Президенттердин барганы тосуп алган тарапка да өзүнчө эле бир түйшүк болот»,- деди президент.
Булак: Кабар маалымат агенттиги