7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды

473

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстанга сапар менен келген Түркия Республикасынын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде адам укуктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Түркиянын башкы омбудсменинин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн акыйкатчы институттарынын ортосунда байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу ниетин канааттануу менен баалады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык жана бир туугандык мамилелер күн сайын бекемделип жатканын белгилеп, Шереф Малкочтун мамлекеттик кызматтагы бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын мындан ары да бекемделишине олуттуу салым кошот, деген ишенимин билдирди. Өз кезегинде Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолдогон саламын айтты.

Ал боордоштуктун негизинде динамикалуу өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелерди белгилеп, адам укуктарын коргоо жаатында өнөктөштүктү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Шереф Малкоч сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн акыйкатчыларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө кол коюлган меморандум тууралуу маалымдап, өз ара сапарларды жасоо жана тажрыйба алмашуу жолу менен кыргыз кесиптештери менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474