7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын элчисинен ишеним грамотасын кабыл алды

35

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.

Чет өлкөлүк дипломатиялык миссиянын башчысын Ардактуу кароол тосуп алды. Сүйлөшүүнүн алдында президентке ишеним грамотасын тапшыруу салтанаттуу аземи болду.

Кыргызстан менен Түркиянын өз ара аракеттенүүлөрү, анын ичинде соода-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы элчини бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ал кыргыз-түрк достугун жана өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого зор салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый, маданий жана руханий байланыштарга негизделгенин баса белгиледи. Ал ошондой эле өткөн жылы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын мамлекеттик сапары болуп, өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы барагын ачканын эске салды. Парламенттер аралык кызматташуу да активдүү уланууда.

Өз кезегинде Мекин Мустафа Кемал Окем эки өлкөнүн ортосундагы алакалар көптөгөн тармактарда – билим берүүдөн маданият жана саламаттыкты сактоо тармагына чейин ырааттуу түрдө тереңдеп баратканын белгилеп, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Соңунда президент Садыр Жапаров Элчи Мекин Мустафа Кемал Окемге дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалап, Түркия менен эки тараптуу кызматташуу мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.

36