7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

311

Президент Садыр Жапаров Балыкесир провинциясындагы заводдогу жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Балыкесир провинциясында жарылуучу заттарды чыгаруучу заводдогу болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыркагандардын тез сакайып кетүүсүн каалайм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

312