Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.
Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына алдыда боло турган сапарын талкуулашты.
Мамлекет башчысы биргелешкен аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө туруктуу өнүгүү динамикасын берүүгө жетишкенин белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө тарыхый келишимге кол коюлганын эске салды. Бул контекстте президент эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына көңүл бурду.
Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы коңшулаштыкты бекемдөө жана достук байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө сөз кылып жатып, Садыр Жапаров маданий-гуманитардык тармакта биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Сирожиддин Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даярдык билдирди. Бул контекстте ал өз ара сооданын көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Тажикстандын ведомстволорунун алдына товар жүгүртүүнүн көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө багытталган жаңы чараларды иштеп чыгуу милдети коюлган.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин ошондой эле өлкөлөр көп тараптуу форматта: БУУ, КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка бирикмелердин алкагында да өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жатканын баса белгиледи.