7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапары менен барат

330

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, 8-9-июлда жооп иретиндеги мамлекеттик сапары менен Душанбе шаарына барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки жактуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда «Түбөлүк достук» концерти өтөт», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

331