7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Тез жана чечкиндуу аракет кылыш керек, ыргылжын болууга убакыт жок»

167

-Садыр Нуркожоевич, Сизди саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча адис деп айта албайбыз, бирок акыркы күндөрү бул тармактарды кайра куруу боюнча бир катар сунуштарыңызды айттыңыз?

-Албетте мен адис эмесмин. Кандай гана башчы, мамлекетчил болсоң дагы баарын биле албайсың, бирок мыкты адистерди, иш билги адамдарды таап, ишке тарта билишиң керек, алдардын оюн, сунуштарын да уга билишиң керек. Мен көптөн бери ар кайсы тармактын, анын ичинде саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча адистер менен сүйлөшүп, ойлорун угуп келем. Алар менен негизги көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулап келебиз. Жаңы өкмөт куралганда министрлер кабинетине дагы, администарцияга дагы дал ушундай өз ишинин мыкты чеберлери, теоретиктер эмес, практиктер тартылат.

-Азыр эксперттер менен эмес, дал ошол врачтар, мугалимдер менен жолугушсаңыз болбойбу?

-Албетте жолуккум келет. Бул жолугушуу сөзсүз болот. Бирок мындай жолугушуулар административдик ресурстуу колдонуу жана социалдык секторго кысым катары кабыл алынып калышы мүмкүн.

-Бул тармактардагы эң башкы көйгөйлөр кайсылар?


-Муну Бишкектин мисалында эле айтып берейинчи, анткени пандемия шартында көйгөйлөр сыртка калкып чыкты. Адистердин жетишсиздиги, материалдык- техникалык базанын жардылыгы, каржылоонун аздыгы, эң башкысы бул тармактагы тик башкаруунун жолго салынбагандыгы. 2020-жылдын жайында пандемиянын биринчи толкунунда мамлекет эмнеге эч нерсеге жарабай, жалдырап туруп берди? Бул дары-дермектин, керебеттердин же врачтардын гана жетишсиздигинен эмес. Системасы кандай иштеп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги өзү да тыңгылыктуу билбегендигинен болду. Кыргызстандыктар өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун коргоодо алсыз болуп калышты.

-Буларды кантип чечсе болот эми. Буга чейин деле аракеттер болуп келген да?

-Саламаттыкты сактоо тармагындагы 30 жылдан бери чогулган көйгөйдүн баарын бир заматта чечип салуу мүмкүн эмес. Саламаттыкты сактоону модернизациялоо ойлонуштуруу менен системалык түрдө ишке ашат. Ал жактагы бюрократия, компетентсиздик, тууган-туушкандык, коррупция дегендин баарын жок кылышыбыз керек. Дагы бир жолу баса белгилей кетейин, саламаттыкты сактоо тармагында бирин-бири кайталаган функциялар жүздөп саналат, бюрократия дегенден үрөй учат. Ошондой болгону менен чечим кабыл алып, ага жооп бере турган борбор жок. Райондук врачтын статусун, анын ишин каржылоону кайтаруу керек. Саламаттыкты сактоо объектилерин тик башкарууну калыбына келтирүү зарыл. Каржылоону бөлүштүрүү системасын кайрылуулардын саны боюнча эмес, көрсөтүлгөн медициналык тейлөөнүн сапаты боюнча кылуу керек. Улуттук мамлекеттик медициналык борборлордун профилдик багытын кайтаруу зарыл. Ооруканалардын жана поликлиникалардын администрацияларына ыкчам аракет кылуу укугун берүү менен каржылоону чыгымдардын бекитилген статьялары боюнча бөлүштүрүүнү жокко чыгаруу абзел. Саламаттыкты сактоо тармагынын бюджетин эки эсеге көбөйтүү керек.
Бул албетте популизм, куру сөздөй сезилиши мүмкүн. Бирок бул эң чоң зарылчылык. Эгер бул ишти бүгүн кылбасак, эртең баарын жоготуп алышыбыз мүмкүн. Каржылоо булактары боюнча дароо эле айта кетейин, алгачкы учурда чиновниктердин жана депутаттык аппаратты оптимизациялоодон үнөмдөлгөн каражатты жумшайбыз. Каржылоо тууралуу айтканда сиңирген кызматын эске алуу менен пенсияларды жогору жагына карата эсептөө системасын сөзсүз кайра карап чыгуу керек. Айлык акылардын базалык өлчөмүн көбөйтүү кажет.

-Врачтардын жетишсиздиги менен медициналык билим берүүнүн абалы да өзгөчө көңүл бурууга арзыса керек?

-Туура. Негизи билим берүү, системаны жаңылоо — өзүнчө чоң тема. Буга чейинки маектеримде айткам, бизде ЖОЖдор көп, бирок билим берүүнүн сапаты аябай эле аксайт. Билим берүү системасын жаңылоодон тышкары ЖОЖдорду катаал лицензиядан өткөрүү зарыл. Албетте медициналык ЖОЖдор мамлекет менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруусу керек. Тиги же бул медициналык багыттарды өнүктүрүү мамлекеттик пландын негизинде ишке ашып, профилдик адистиктерди даярдоодо да мамлекеттик буйрутма менен ишке ашыруу керек.

-Билим берүү тармагы боюнча ойлоруңуз кандай?

Көйгөйдүн баарын ачык көрсөткөн былтыркы пандемия болду. Билим берүү тармагы санариптешүүдө аксап жатканы ошол эле Бишкектин мисалында ачык эле көрүнүп калды. Эч нерсеге даяр эмес экенбиз. Он-лайн сабактар эле эмес, маалыматтар базасы, көзөмөл, он-лайн китепкана ж.б. боюнча абал начар. Мындай көрүнүш Бишкекте, борбордо! Ал эми аймактардагы абал айтпасак деле түшүнүктүү го.

-Санариптешүү эмес, мугалимдер жетишпей жатпайбы. Ошол эле Бишкекте?

-Туура айтасыз. Бул чоң көйгөй. Мугалимдерге шарт түзүп, шыктандырышыбыз керек. Мамлекет биринчи кезекте мугалимдерге кам көрүшү зарыл. Алар коомдо кайрадан өздөрүнүн татыктуу ордун ээлеши керек. Мугалимдер билимдин гана булагы болбостон, тарбиянын, моралдык жана рухий баалуулуктардын негизги азыгы, тиреги болушу шарт. Бул үчүн мугалимдер бардык жагынан камсыз болуп, тамакка кайдан акча табам же батиримдин акысын кантип төлөйм дегенге башын оорутпай, жалаң иш менен алек болушу керек эле. Мугалим деген кесиптин кадырын арттырып, зоболосун көтөрүү зарыл. Бардык мугалимдердин социалдык жеңилдиктеринин тизмегин кеңейтүү керек. Булар: коммуналдык тейлөө, коомдук транспортто жүрүү жана милдеттүү жана зарыл болгон чыгымдардын башка статьялары. Окуучулардын жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн меценаттык фонддор аркылуу сыйлоо системасын киргизүү туура болмок.

-Билим берүү тармагында көп эле реформалар болду, бирок жакшы жыйынтыкты көргөн жокпуз. Сиздин сунуштарыңыздан жыйынтык чыгарына өзүңүз ишенесизби?

Реформалар көп эле болду. Туура айтасыз. Саламаттыкты сактоодо да, билим берүү тармагында дагы. Маселе реформада эмес, системанын өзүндө: өң-тааныштык, өз ишин билбегендик, коррупция чогулуп келип тармакты аксатып жатпайбы. Мунун баарын системалуу түрдө чечүү керек. Саламаттыкты сактоо же билим берүү тармагын өзүнчө эмес, жалпы мамлекеттик башкарууну реформалашыбыз керек. Ачык-айкын, профессионалдуу кылсак гана жыйынтык бере баштайт. Бүгүн өзгөрүүлөрдүн, чечим кабыл алуулардын ылдамдыгы болуп көрбөгөндөй чекте кысылыш болуп турат. Бат жана чечкиндүү аракет кылыш керек. Бюрократияны, иштин көзүн билбегендикти, жек-жааттыкты, коррупцияны жоюу зарыл. Былжырап отурганга убакыт жок.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2021-жылдын 05-январда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

168