7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Өзбекстандагы “Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым

352

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы “Амирсой” лыжа базасын көрүп, суктанганын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасынан билдирди.

“Биздин мамлекетибиздин аянтынын 94 пайызын тоолор ээлейт. Негизинен алганда жети дубаныбызда тең ушундай лыжа курорттору болушу керек эле. Бирок бизде жокко эсе.

Эмне үчүн дегенде көз карандысыздык алган күндөн баштап, жөнөкөй калктан президенттерге чейин бир гана саясат менен шугулданып жүрө бергенбиз. “Күндө митинг, күндө той” болот эле бизде. Экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калган.

Бүгүнкү “Амирсой” лыжа базасын көрүп, абдан суктандым. Кесиптешим Шавкат Мирзиёев жоктон бар кылып, ушул жогорку деңгээлдеги базаны куруптур.

Сөз жок. Азамат.

Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан! Миллиондогон туристтер эс алып жүрүшөт.

Тейлөө кызматы Европаныкынан кем калбайт. Эң жогорку сапатта.

Ташкенттен ары жарым сааттык жол экен”,-деди ал.

 

353