7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти менен кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды сүйлөштү

496

Бүгүн, 20-сентябрда, президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы тууралуу айтып берди.

Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялардын учурунда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497