7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Жаңылыштык кетирбей чек арага чекит коюшубуз керек»

592

Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча кезектеги маегинде билдирди.

«Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. «Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула» дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз»,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593