7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат»

455

Талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Бул тууралуу Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча кезектеги маегинде билдирди.

«Талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 километрден ашык узундуктагы чек арабызды чечип атабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек.

Чагымчылдар ушуну түшүнүп туруп эле элди тескери жака бурганга аракет жасап жүрүшөт. Канча жолу аларга түшүндүрдүк, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбейт экен. Аларга эптеп эле чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салыш максат экен. Биз андайга жол бербейбиз. Демократия десе эле аша чаап бара жатышат.

Тобо дешибиз керек. Элибиз чагымчылдарды ээрчип кетпей баарын туура түшүнүп турушат. Митингдерди, кечээгидей жөө жүрүштөрдү уюштурууга кайдан, кимден акча каражат алып келип жаткандарын дагы билебиз.

Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. «Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула» дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз.

Ал жерди 70 жылдан бери суу басып жатат. Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы түгөнөт. Макул 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден 4000 гектар берип теңме-тең алмашып алсак болот, айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек?»,-деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

456