7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Жайлоолорго чейинки жолдор асфальттанат

414

Бензин, дизелдин литринен бир сомдон алып, ошол акчага жайлоолорго чейинки жолдор асфальттанат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Солярка менен бензиндин ар бир литринен бир сомдон кармалат. Каражат фондго түшөт. Ал фонд аркылуу өлкө боюнча бардык жолдор жасалып, айылдарга эле эмес, жайлоолорго чейин жеткиребиз”, — деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы бул каражаттан фонддо иштегендердин маянасына, техникасына коротулбай турганын кошумчалады. Ошондой эле ал бул жолду ким көп пайдаланса, ошол көбүрөөк төлөй тургандай ыкма экенин белгиледи.

“Бирөө 100 чакырым жүрөт. Башкасы аз айдайт. Ошол жолдо көп жүргөндөр асфальтты бузуп жатат да”, — деди өлкө башчы.

415