7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы жаңы бокс академиясы менен таанышты

244

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы бокс академиясынын жаңы имараты менен таанышты.

Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет. Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.

Курулуш Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буюртмасы менен ишке ашырылды. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттен жүргүзүлдү, долбоордун жалпы наркы — 192 млн сом.

Мамлекет башчысы спорт залдарды көрүп чыгып, жаш боксерлор, машыктыруучулар менен баарлашты, ысым жазылган бокс кол каптарына кол тамгасын коюп, чогуу сүрөткө түштү.

Иш-чарага белгилүү кесипкөй боксер, оор салмактагы дүйнө чемпиону, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуев да катышып, жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү.

 

245