7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖЕЭКтин мааракелик жыйынына катышууда

499

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда.

Жыйын Кремлдин Чоң сарайында Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы алдында өтүүдө. Анын ишине Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекет башчылары – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык биримдигинин комиссиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышууда. 

Уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери түзүмдүн 10 жыл ичинде жасалган ишинин жыйынтыгын чыгарып, келечегин аныкташат.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды. Андан соң жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Отурумдун жүрүшүндө тараптар интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүнүн перспективаларын талкуулашат, “2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө» 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана «2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат.

Кеңейтилген жыйынга байкоочу мамлекеттердин — Куба менен Өзбекстандын башчылары чакырылган.

Эске сала кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш Евразия экономикалык биримдигинин жогорку органы болуп саналат.

500