7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ЖЕЭКтин мааракелик отурумунда сөз сүйлөдү

175

«10 жыл ичинде Евразия экономикалык биримдиги мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугу жана алардын жарандарынын бакубаттуулугунун өсүшү үчүн экономикалык интеграцияны колдоого жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү негизги аймактык бирикмелердин бирине айланды», – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москва шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин юбилейлик отурумунда белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

“Урматтуу Никол Воваевич,
Урматтуу Мамлекет башчылары,
Урматтуу жолугушуунун катышуучулары,

Биздин жалпы майрамыбыздын — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгынын алдында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын бардык катышуучуларына чын жүрөктөн саламымды айтам.

Буга байланыштуу жарандарыбызды фронтто эр жүрөктүк менен согушкан аталарыбыз, оорукта жан аябай эмгектенген жана эркектер менен бирдей фронтто согушкан энелерибиз бизге алып берген Жеңиш майрамы менен куттуктагым келет.

Тынч жана бактылуу жашоо үчүн алардын баатырдык эрдиктерин биз жүрөгүбүздө ыйык тутабыз.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу Владимир Владимирович, Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Россия Федерациясынын Президентинин кызматына расмий киришкениңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Болуп өткөн президенттик шайлоолордогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз – мамлекеттик эгемендүүлүктү чыңдоо, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, Россия мамлекетинин өз алдынча, көз карандысыз жана ачык тышкы саясатын жүргүзүү боюнча Сиздин даанышман саясатыңызды жана ак ниет ишиңизди Россия эли жогору баалап, колдогондугунун айкын далили.

Мен ошондой эле биздин россиялык досторубузга салттуу меймандостугу жана бүгүнкү жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Воваевичке Төрагалык жылынын ийгиликтүү өтүшүн каалайм жана бардык кесиптештеримди 2014-жылдын 29-майында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлганынын 10 жылдыгы менен куттуктайм.

Урматтуу кесиптештер,

10 жыл ичинде Евразия экономикалык биримдиги мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугу жана алардын жарандарынын бакубаттуулугунун өсүшү үчүн экономикалык интеграцияны колдоого жана өнүктүрүүгө жөндөмдүү негизги аймактык бирикмелердин бирине айланды.

Көптөр мени менен макул болушат чыгар: бир биримдикте болуу менен биз макроэкономикалык туруктуулукту сактап, региондо азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла алдык, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтө алдык, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн сактап кала алдык жана сатып өткөрүүнүн жаңы рынокторуна чыга алдык.

Муну статистикалык маалыматтар тастыктап турат. Биримдиктин экономикасы өткөн жылы ишенимдүү өсүштү көрсөттү. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшү 3,8% ды түздү.

Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү 3,7% га өстү, курулуш иштери 8,6% га өсүш менен бүткөрүлдү, чекене соода жүгүртүү 6,6% га өстү, биздин өлкөлөрдө негизги капиталга инвестициялар 10,3% га өстү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсы 6,2% га өсүп, тарыхый чектен өтүп, дээрлик 1,3 триллион сомду түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 8,8% ды түздү.

Кыргыз Республикасы интеграциянын жана тышкы сооданын көбөйүшүнүн оң натыйжасын сезип жатат.

Биримдикке кирген учурдан тартып 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 млрд доллардан 15,7 млрд долларга чейин жогорулап, 2,8 эсеге өстү.

Мында экспорттун көлөмү 2,2 эсеге, импорт 2,9 эсеге өскөн.

Евразиялык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү, анын ичинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тоскоолдуктарсыз жана алып коюусуз бирдиктүү рыногун, энергия булактарынын жалпы рынокторун түзүү, эмгек ресурстарынын эркин кыймылын камсыз кылуу, албетте, Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыт болуп келген жана болуп кала берет.

Биз Биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана достук мамилелерди чыңдоо боюнча мындан ары да жигердүү иш алып барууга ниетибиз бар.

Урматтуу кесиптештер,

Мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода активдүү өнүгүүсүн улантууда.
Кыргыз Республикасынын Биримдикке катышкан жылдары ичинде мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүү 76%га өсүп, 2,5 млрд доллардан 4,4 млрд долларга чейин өстү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 3 эсеге, 410 млн доллардан 1,23 млрд долларга, ал эми импорттун көлөмү 50%дан ашык болуп, 2 млрд доллардан 3 млрд долларга чейин өстү.

Бизнес мындан аркы интеграцияга бел байлаганын белгилегим келет. Ал жаңы шарттарга гана ыңгайлашпастан, интеграциялык күн тартибине, биздин өлкөлөр ортосундагы жана тышкы контурдагы экономикалык активдүүлүктү өнүктүрүүгө жана колдоого олуттуу салым кошуп жатат.Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортунун көлөмү жогору бойдон калууда. Алсак, алтын экспортун эсепке албаганда, биздин экспорттун 80%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын экспортунун структурасында текстиль, кийим-кече, бут кийим, пластмасса жана таштан жасалган буюмдар сыяктуу кошумча наркы жогору товарлардын көлөмү өсүүдө. Ошону менен катар, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен кооперациялык товарлардын өз ара соодасы да өсүү тенденциясына ээ болуп, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 34,8%га өскөндүгүн белгилегим келет.

Бул көрсөткүчтөр биздин мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнүн жана интеграциялык байланыштардын тереңдеп баратканынын көз көрөрлүк чагылышы деп эсептейм.

Урматтуу достор,

Эл аралык аренадагы кырдаал татаал бойдон калууда жана биз тышкы жагымсыз факторлор менен шартталган масштабдуу трансформация процессинде турабыз.

Глобалдык соода системасынын ишиндеги олуттуу четтөөлөрдүн фонунда экономикалык активдүүлүктүн Батыштан Чыгышка, Түндүктөн Түштүккө жылышы байкалууда.

Ушуга байланыштуу заманбап талаптарга жооп берген зарыл финансылык, логистикалык жана товар өткөрүүчү инфраструктураны түзүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Бул, албетте, олуттуу инвестицияларды жана өзгөчө ыкмаларды, эң негизгиси, альтернативдик жеткирүү жолдорун издөөдө биргелешкен жана макулдашылган аракеттерди талап кылат.

Бул жагынан алганда, ЕАЭБ менен Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесин байланыштыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилегим келет.
Кыргыз Республикасы мүчө мамлекеттердин транспорттук байланышын жогорулатуу үчүн чоң күч-аракеттерди жумшоодо, анын ичине “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридорун өнүктүрүү да кирет.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоордук иштер активдүү фазада турат.

Кытай Эл Республикасы менен жаңы өткөрүү пункттарын ачуу жана иштеп жаткан өткөрүү пункттарынын кубаттуулугун кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мындан тышкары, Биримдиктин бажы чек арасындагы Кыргыз Республикасынын бардык 14 өткөрүү пункттарын иретке келтирүү жана материалдык-техникалык жактан жабдуу толук камсыз кылынды.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүү боюнча алган милдеттенмелери толугу менен аткарылды. Учурдан пайдаланып, россиялык тарапка жана жеке Россия Федерациясынын Президенти, урматтуу Владимир Владимирович Путинге материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Эл аралык транспорт коридорлорунда транспорттук, логистикалык жана санариптик инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү боюнча мүчө мамлекеттердин аракеттерин координациялоо интеграциянын олуттуу ресурсу болууда.

Биз санарип платформалар аркылуу тез ташууларды камсыздоо үчүн инфраструктуралык чектөөлөрдү, мыйзамдык тоскоолдуктарды алып салуу жана көзөмөлдөөчү органдардын ишин синхрондоштуруу боюнча Биримдиктин алкагында жана үчүнчү өлкөлөр менен ишибизди күчөтүшүбүз керек.

Бул жагынан Тараптарды жана Комиссияны электрондук коштоочу документтерди, анын ичинде мультимодалдык ташууларды ишке ашырууда активдүү иштөөгө чакырам. Заманбап санариптик чечимдер тез жана натыйжалуу бажы жана салык администрациясын камсыз кылууда негизги локомотив болушу керек.

Ошол эле учурда санариптик күн тартибин ишке ашыруунун алкагында же өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу макулдашуулардын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда даяр платформалык чечимдерди өткөрүп берүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушталат.

Урматтуу кесиптештер,

Биримдиктин потенциалын максималдуу пайдалануу жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгын белгилегим келет.

Биз кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзүшүбүз керек.

Товарлардын жүрүү жолунда жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик чыгымдарды кыскартуу боюнча аракеттер туруктуу жана тынымсыз мүнөздө болууга тийиш. Муну менен катар, биздин өлкөлөрдүн каржы системаларына сырттан кысым көрсөтүүнүн натыйжасында келип чыккан эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө барган сайын ачыкталып жаткан татаалдыктар — ЕАЭБдин өз ара жана тышкы соодасын өнүктүрүүдө чектөөчү факторлордун бири болуууда.

Биз соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда ЕАЭБ рыногунун катышуучуларынын керектөөлөрүн камсыз кылып, колдой ала турган финансылык инфраструктураны бекемдөөнүн үстүндө иштешибиз керек.

Урматтуу мамлекет башчылары,

2024-жыл 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгууда чечүүчү жыл.

Стратегия-2025 алкагында биз белгилеген артыкчылыктар докладдарды жана сунуштамаларды даярдоо жана кабыл алуу менен чектелбеши керек.

Эгерде артыкчылыктуу милдеттер болсо, анда алар боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынышы керек.

Өткөн жылы биз тараптан кооперациялык долбоорлорду каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бул механизмди практикалык ишке киргизүү инвестициялык кызматташтыкты арттыруу, илим сыйымдуу өндүрүштөрдү жана өнөр жай кубаттуулуктарын колдоо жана дем берүү, ошондой эле технологиялар трансфери үчүн биздин күтүүлөрүбүзгө жооп бериши керек деп эсептейм.

Бул механизм Биримдиктин кооперативдик товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана алардын тышкы рынокторго андан ары чыгуусуна жардам бериши керек.

Ошону менен бир эле маалда экономиканын башка приоритеттүү тармактарын каржылоо механизмин өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү сунуштайм.

Сооданы жана экспортту өнүктүрүүгө байланыштуу бир нече пункттарды белгилегим келет.

Биринчиден, 2023-жылдын аягында Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын иши башталды, ал тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу аркылуу Биримдиктин өз ара жана тышкы соодасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө тийиш.

Компания кошумча камсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрүн тез пайдалана алышы үчүн, улуттук соода камсыздандыруу системалары менен иштөө боюнча аракеттерин тездетиши керек.

Экинчиден, тышкы контур боюнча, кызыкдар өлкөлөр менен бардык тараптар үчүн өз ара пайдалуу шарттарда жеңилдетилген соода режимдерин түзүү боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгилегим келет.

Бүгүн биз Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин карадык.

Комиссиядан келечектеги преференциалдык макулдашуунун жана тармактык кызматташуунун негизги жоболоруна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөм.

Сүйлөшүү процессинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү орто жана чакан экспорттоочулар басымдуулук кылган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу маанилүү.

Үчүнчүдөн, Азия рынокторунда керектөө суроо-талаптарынын динамикалуу өсүп жаткандыгына байланыштуу, Кытай менен азык-түлүк товарларын соода кылуу потенциалы ачыла элек бойдон калууда, деп эсептейм.

Айыл чарба продукциясын Кытайдын рынокторуна чыгаруунун татаал жол-жоболорун эске алуу менен Евразия экономикалык комиссиясы бул багыттагы ишин күчөтүшү керек.

Урматтуу кесиптештер,

Салттуу түрдө тейлөө тармагы биздин өлкөлөрдүн экономикасында олуттуу үлүштү ээлейт.

ЕАЭБ кызмат көрсөтүүлөр рыногун, биринчи кезекте соода, финансы, маалыматтык кызмат көрсөтүү, чыгармачылык ишмердүүлүк, туризм, билим берүү жана медицинага тиешелүү кызматтарды кеңейтүү жөнүндө ойлоно турган мезгил келди деп эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн ишкерлери бул багыттардагы стимулдарды жана колдообузду чындап сезиши керек.

Комиссияга бул жаатта болгон мүмкүнчүлүктөргө талдоо жүргүзүүнү сунуш кылам. Глобалдык эмгек рыногу квалификациялуу эмгек ресурстарынын жетишсиздигин башынан өткөрүүдө.

ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногу да четте калган жок. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы атаандаштыкка жөндөмдүү товарларды чыгарууга жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө жөндөмдүү квалификациялуу жумушчуларды талап кылат.

Технологиялык прогресс жана экономиканы санариптештирүү эмгек рыногунун катышуучуларынан кошумча наркты түзүүгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн жаңы билимдерди жана компетенцияларды талап кылат.

Биздин өлкөлөр кадрларды даярдоо жаатында активдүү кызматташтыкты өнүктүрүүсү зарыл деп эсептейм. Биз биргелешкен компетенттүү борборлорду түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышыбыз керек, анда биз жаңы билимдерди издөө жана аларды өткөрүп берүү боюнча күч-аракетибизди бириктире алабыз.

Эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгү жана эмгек рыногунун жагымдуулугу көбүнчө өлкөлөр жүргүзгөн миграциялык саясаттан көз каранды. Ошондуктан, биздин өлкөлөрдө эмгек миграциясын жөнгө салуучу улуттук мыйзам актыларын иштеп чыгууда өтө кылдат жана салмактуу мамиле жасоо зарыл.

Кыргыз Республикасы үчүн эмгекчилердин мобилдүүлүгү маселеси принципиалдуу маанилүү мүнөзгө ээ, буга байланыштуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун бузууга же начарлатууга жол бербөөгө чакырабыз.

Биздин бирикменин имиджине олуттуу зыян келтирүүгө жол бербешибиз керек. Жарандарыбыздын ишенимин бекемдеп, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү боюнча ишти улантуу керек.

Урматтуу кесиптештер,

Сөзүмдүн аягында армян тарапка жана Армения Республикасынын Премьер-министри урматтуу Никол Воваевич Пашинянга Биримдиктин органдарында армян төрагалыгынын жылынын ийгиликтүү өтүшүн каалайм.

Мен бардык мамлекет башчыларына жана жыйындын катышуучуларына конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат”.

176