7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Сауд Арабияга жөнөп кетти

569

Президент Садыр Жапаров бүгүн Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Жидда шаарына жумушчу сапар менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

• Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
• Улукбек Марипов — Кыргызстадын Сауд Араб Падышалыгындагы элчиси;
• Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
• Тойгонбай Абдыкаров — дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
• Каныбек Туманбаев – президенттин иш башкаруучусу;
• Талгат Аширбеков – президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570