7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Asman Airlines жакынкы 5 жылда 8 Airbus A321 учагын сатып алууну пландоодо

270

«Asman Airlines» мамлекеттик авиакомпаниясы жакынкы беш жыл ичинде Airbus A321 үлгүсүндөгү сегиз учак сатып алууну пландоодо.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, өнүгүү стратегиясынын алкагында буга чейин Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учакты сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Бул авиапарктын масштабдуу жаңылануусунун биринчи этабы болуп эсептелет.

2025-жылдын жыйынтыгы менен авиакомпания 350 миң жүргүнчүнү тейлеп, 2 500 каттамды аткарган. Учурда Asman Airlines Кыргызстандын бардык 11 аэропортуна каттамдарды аткарып, авиапаркында үч Dash Q400 учагы бар. Жакын арада дагы бир учактын келиши күтүлүүдө.

Жаңы учактарды сатып алуу жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүгө шарт түзөрү белгиленди.

271