Бүгүн, 17-июнда, президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитине катышуусу аяктады.
Алгач Президент Садыр Жапаров Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Андан соң Мамлекет башчысы Эгемендүүлүк Сарайында “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитине катышты.
Ал өз сөзүндө биргелешкен күч-аракеттердин аркасында достукту жана ынак коңшулаштыкты чыңдоо, стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча чоң жол басып өтүлгөнүн өзгөчө белгиледи.
Президент Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн алты негизги багытын белгиледи: транспорт жана транзиттик байланыш, энергетика, каржы жана электрондук коммерция, билим берүү жана илим, туризм, ошондой эле коопсуздук чөйрөлөрү.
Андан ары Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды, анын ичинде:
— Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим;
— “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин Астана декларациясы жана башкалар.
Мындан тышкары, “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитинин алкагында алты мамлекеттин башчылары видеоконференц-байланыш аркылуу жаңы кызматташтык борборлорунун ачылыш аземине биргеликте катышышты.
Астана шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” Саммитине катышууну аяктаган Президент Садыр Жапаров 17-июнда Бишкекке кайтып келди.