7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

12

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына 3-4-июлда болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы жана Президент Ильхам Алиев Агдам районунун Хыдырлы айылындагы «Айкөл Манас» орто мектебинин ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алдында президенттер Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, көчүрүлгөн эки миң адам үчүн курулган жаңы үйлөрдү көрүп, жаңы конуш ээлерине ачкычтарды тапшырышты.

Андан соң Садыр Жапаров Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах жылкыларынын «Жеңиш» шоу-программасына катышты.

Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана жылкычылыгынын байыркы каада-салттарын чагылдырган карабах тукумундагы аргымактардын оюндары көрсөтүлдү.

Президент сапарынын экинчи күнүндө Ханкенди шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинде сөз сүйлөдү.

Саммиттин темасы: «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн Экономикалык кызматташтык уюмунун жаңы көз карашы» деп аталды.

Президент өз сөзүндө Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берет жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү зарылдыгын ырастайт деп белгиледи.

Мамлекет башчысы экономикалык өнүгүү менен климаттын өзгөрүшүнүн ортосундагы ажырагыс байланышты белгилеп, бул эки фактор бири-бирине түздөн-түз таасир этерин баса көрсөттү.

Бүгүнкү климаттык шарттарга адаптациялоо максатында Президент энергиянын кайра жаралуучу булактарын иштеп чыгууга, энергия натыйжалуулукту жогорулатууга, айыл чарба жана өнөр жай тармактарда акылдуу инфраструктураны түзүүгө күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Ал Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында конструктивдүү диалогго жана координацияланган иш алып барууга даяр экендигин баса белгилеп, жолугушууда айтылган демилгелер жалпы жыргалчылык үчүн ишке ашырылат деген үмүтүн билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чарага Азербайжан, Афганистан, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет жана өкмөт башчылары катышышты.

Иш сапарын аяктап, 4-июлда Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна кайтып келди.

13