7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

403

Президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 12-14-октябрда болгон иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында 13-октябрда Мамлекет башчысы Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болуп, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

14-октябрда Астананын Конгресс борборунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Анда Президент Садыр Жапаров 2023-жылы Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуусунун артыкчылыктуу милдеттерин билдирди.

КМШнын МБК жыйынынын жыйынтыгында делегация башчылары төрагалык кылууну Кыргыз Республикасына, тең төрагалыкты Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына өткөрүп берүү чечимин кабыл алышты.

Кыргызстандын сунушу менен КМШнын МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, КМШнын МБК жыйынында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Түштөн кийин “Борбор Азия – Россия” Саммити өтүп, анда Президент Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн жана жалпы тарыхый мурастын, маданияттын, экономиканын, өлкөлөрдүн жана элдердин тилдик жана руханий салттары, баалуулуктары негизинде артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 14-октябрда Бишкекке кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

404