7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровго Анкара шаарында Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды

639

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

TOBB президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.

Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын Президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду. Иш-чара түз эфирде көрсөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640