Бүгүн 10-июнда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй областынын Панфилов районунун аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жер табылды.
Такталгандай, кароосуз калган үйдө жайгашкан жашыруун жерден, 9мм «Макарова» таманчасы магазини жана 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8мм тапанча, 1 даана кесилген мылтык, 2 даана мергенчилик куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 сылмакай курал 8 оку менен, сигналдын күйүшү боюнча 1 даана Реактивдүү сигналдык, 1 даана мергенчилик бычак, 1 даана кара түстөгү беткап.
Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.