Бүгүн, саат 14:00дөн кийин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабык болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдолуучу бөлүктүн узундугу 300 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзүп, сугат арыктары жана тротуарлар төшөлөт.
«Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында, Кытайдын грантынын эсебинен жол оңдолуп жатат.
Унаа кыймылы үчүн 7-апрель жана Абдрахманов көчөлөрү альтернативдүү көчөлөр болот. Көчөнүн бардык тилкелериндеги оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Эскерте кетсек, буга чейин оңдоо иштерине байланыштуу Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.