Кээ бир кыргызстандыктар видео чалуу аркылуу ишке ашырылган алдамчылыкка туш болушту. Мобилдик капчыгынан 28 миң сомун алдатып жибердим деген кыз тузакка кантип илингенин айтып берди. Видео социалдык тармакта желдей тарады.
Маалыматка караганда, ага чоочун бирөө видео менен чалып шаарда адашып калгандай түр көрсөткөн. Эч нерсе көрүнбөгөндүктөн кыз тегерек-четин көрсөтүүнү суранган. Анда шылуун видеотрансляцияны кошууну сунуштаган, эч жаман ою жок отурган кыз айтканындай кылган. Ошол замат эле алдамчы телефонду өчүрүп, капчыгындагы акчасын чыгарып кеткен.
Белгилей кетсек, алдамчылыктын бул түрү салыштырмалуу жакында эле пайда болгон. ⠀