7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сак болуңуз! Валюта рыногунда жасалма доллар көбөйдү

713

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

«Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл. Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш»,- деп берилет маалыматта.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. 

«Чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгын эскерте кетмекчибиз, анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет. 

Сак болуңуздар, чет элкө валютасынын банкнотторунун жасалма экендиги аныкталган учурда Ички иштер министрлигинин (РОВД) жакынкы райондук бөлүмүнө кайрылыңыз»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714