Дем алыш күндөрү унаа токтотуучу муниципалдык жайларда акы алып иштеп жаткан 8 жаран жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
«Борбор калаабызда акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу бир канча жайлар бар. Алардын ишмердүүлүгү ар бир унаадан канча акча алып жана канча убакытка токтотуу боюнча жоболор, Бишкек шаардык кенешинин токтому менен бекитилген. Токтомго ылайык мындай унаа токтотуучу жайлар дүйшөмбү күндөн жума күгө чейин токтотулган унаалардан кызмат акы алуу шарттуу.
Бирок, кээ бир муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери дем алыш күндөрү да, токтотулган унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылып, туура эмес иштерге барып жаткандары боюнча шаар тургундарынан көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Ал гана эмес айдочуу менен унаа токтотуучу жайдын кызматкеримин деп өзүн атаган жарандар менен пикир келишпестиктер , чыр-чатактар чыккан фактылар да кездешкен”,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушундай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери муниципалдык унаа токтотуучу жайларды дем алыш күндөрү текшерүүгө алып, аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп келүүдө.