Саламаттык сактоо министринин орун басары Рахматулаев Жалалидин Мамаюсупович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.