7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саламаттыкты сактоонун экс-министри Шайлообек Ниязов көз жумду

271

Кыргыз медицинасы оор жоготууга учурады, 2021-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттыкты сактоо министри, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, саламаттыкты сактоонун жогорку квалификациялуу уюштуруучусу Ниязов Шайлообек 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.


Ниязов Ш.Н. 1946-жылы 15-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Ак Торпок айылында туулган.


1971-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1972-жылы Майлуу-Суу медициналык окуу жайында хирургия мугалими болуп баштаган. Андан кийин Майлуу-Суу шаардык бириккен ооруканасына амбулатордук жардам көрсөтүү боюнча башкы дарыгердин орун басары болуп которулган.


2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри, 2007-жылдын апрелинен тартып кайрадан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалган.
Кыргыз медицинасына кошкон салымы үчүн 1983-жылы саламаттык сактоонун отличниги болгон.


1995-жылы КР эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272