7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салтка айланган «Салттуу музыка» жумалыгы өтөт

885

20-25- апрель күндөрү салтка айланган “Салттуу музыка» жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Он тогузунчу ирет өтүп жаткан Жумалык ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өтүп, салтуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирмекчи.

Жумалыктын 1- күнү. 20-апрель – “Манас күнү”.
Жумалык А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында маданий иш- чара менен башталат.
Андан соң Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылышы, “Ынтымак” сейил багында “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланат.

2-күн. 21-апрель – “Дастан күнү”.
Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону окутуудагы маселелер” деген темадагы тегерек стол жана“Санатчы, дастанчылык өнөр…” боюнча мастер класс өтөт. Ошондой эле “Ынтымак” паркында “Эпос…Дастан…Санат…” аталышындагы концерт Кыргыз улуттук “Манас” театрынын уюштуруусунда өткөрүлөт.

3- күн. 22-апрель – “Күү күнү”.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы…” — деген темадагы тегерек стол, ушул эле университетте аспапчылык өнөр боюнча мастер класс, “Ынтымак” паркында жалаң күүлөрдөн турган аспапчылардын концерти тартууланат.

4-күн. 23-апрель – “Кино күнү”.
“Манас” кинотеатрында Э. Абдыжапаров режиссёрлук кылган “Сагымбай” көркөм фильми көрсөтүлөт.

5- күн. 24-апрель – “Ыр күнү”
Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” деген темада илимий-практикалык конференция жана “Салттуу музыкалык искусстводогу регионалдык стиль”-деген темада замандаш салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр тарабынан мастер класс, ошондой эле С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк жергесиндеги кайрыктар” аттуу концерт болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886