7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматкери пара менен кармалды

708

Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды.

УКМК тарабынан контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерден акча талап кылуу жана системалуу түрдө көмүскө өндүрүү, ошондой эле салык органынын кызматкери туумдарды жана кошумча салыкты чыгарып салуулары менен коркутуу фактылары аныкталды.

«11-октябрда соттун санкциясы менен атайын тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары боюнча жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими башкармалыгынын башкы инспектору Б.М.С. кармалды, ишкерлерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө үндөп, ортомчулук кылган Ж.Р.К. аттуу жарандын кылмыштуу көмөгү менен ар кандай салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү коркунучу менен чакан жана орто бизнесмендерден акча каражаттарын системалуу түрдө көмүскө чогултууну уюштурган»,- деп берилет маалыматта.

Аталган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

709