7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы 8 айда 100 млрд сомго жакын салык жана төлөмдөрдү жыйнады

496

Ушул жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 1 млрд 445,5 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млрд 829,4 млн сомго көп салык жыйналган.

«Салык кызматы тарабынан башкарылуучу мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин негизги үлүшү жыйымдардын жалпы көлөмүнүн 32% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен камсыз кылынган.

Салык жана төлөмдөрдү жыйноо түзүмү: КНС – 32%, Кумтөрдөн келип түшүүлөр – 21,9%, пайда салыгы – 16%, киреше салыгы – 10,7%, акциз салыгы – 6,6%, сатуу салыгы – 4%, салыктын башка түрлөрү – 8,8%.»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497