7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы чакан жана орто бизнеске рейд жүргүзүүнү убактылуу токтотту

24

Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык көзөмөлдү жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31- декабрына чейин убактылуу токтотту. Бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу максатында кабыл алынды.

Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды (ККМ), эсепфактураларды колдонуу, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) пайдалануу аркылуу операцияларды жүргүзүүчү жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) болушу, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин бар же жок экендиги боюнча рейддик салыктык көзөмөлдү жана көзөмөлдүк сатып алууну жүргүзүү токтотулат.

Бул чаралар төмөнкү ишмердүүлүктү жүргүзгөн жеке ишкерлерге карата колдонулат:

– бирдиктүү салыктын 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасында иштегендер;
– патенттин негизинде иш жүргүзгөндөр;
– өзгөчө режимдеги соода зонасында ишмердүүлүк үчүн салык төлөгөндөр;
– тигүү жана (же) текстиль өндүрүшүндө бирдиктүү салыктын 0,25 пайыздык ставкасы менен иш жүргүзгөндөр. Ошол эле учурда көзөмөлдөн бошотуу төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:
– салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөр;
– уюмдардан же жарандардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттер;
– салыкты, анын ичинде жумушчу кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоонун жыйынтыктары бар болгон учурлар;
– акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн ишке ашырган субъекттер — акциздик маркалардын бар же жок экендигин текшерүү бөлүгүндө.

Ошондой эле ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарды, эсепфактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулуучу жабдууларды (банк карталары, электрондук акчалар жана улуттук стандарттагы QR-коддор) колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөт.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонууда, анын ичинде эсеп-фактураларды жана контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу боюнча ишкерлерге ар тараптуу көмөк жана практикалык жардам көрсөтүлөт.

25