7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык жана ИИМ кызматкерлери чек арада туруктуу коррупциялык схема уюштурган

515

Пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Пара талап кылуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз баюу максатында (ЕАЭБ жыйынды постунун) «Ак-Тилек автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш алып барган жеке ишкерлерден акча өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталды.

22-апрелде ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусу боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча сектордун улук инспектору, Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматынын инспектору, Чүй облусунун күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери ортомчусу кармалды.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

516