«KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдирет.
Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп кармалган Ташовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралды. Ал 2024-жылдын 22-майына чейин камакта болот.
Эске салсак, күн мурун УКМК Имамидин Ташов Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалгандыгын билдирген.