7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самара Каримова: Директорлуктан баш тартуу чечимин жетимиш өлчөп кабыл алдым

320


Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.


Анын айтымында, арыз жазууга аталган окуу жайдын жамаатынын каршылыгы жана ортодогу интригалар себеп болгон.


«Эли-журтумдун ак батасын албай, кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм. Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң, ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм. Менин ар-намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эли-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем», — деп жазган Каримова.

https://www.instagram.com/p/CKVrvo6H2Y3/?utm_source=ig_web_copy_link

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

321